24-жаштагы кош бойлуу келин асынып алган. Экинчи тараптын версиясы
RU

24-жаштагы кош бойлуу келин асынып алган. Экинчи тараптын версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноябрь айынын башында 24 жаштагы Салтанат өз жанын өзү кыйган. Экспертиза анын кош бойлуу болгонун аныктаган. Кийин Kaktus.media редакциясына Салтанаттын байкеси кайрылган. Анын айтымында, карындашын өзүнө кол салган абалга карындашынын күйөөсү Залкар жана абысыны Назира жеткиришкен.

Редакцияга Назира Имеркулова кайрылып, болгон окуянын өз версиясын айтып берди.

Кайнимди баккам

Назиранын айтымында, турмушка чыкканда кайниси болгону 6 жашар бала болчу.

"Кайын энем Бишкекте иштечү, кайнимди мен эле баккам. Кийин жолдошум каза болуп калды. Мен кайын энем менен жалгыз калдым. Ал кезде иштебей калган болчу. Өзүмдүн ата-энем жок болгондуктан кете турган жерим деле жок", - деп Имеркулова түшүндүрдү.

Залкар кайнисин келинчеги Салтанат менен да өзу тааныштырганын белгиледи.

"Биз аны байкеси Бакыт Назаралиев айтып жаткандай ала качкан эмеспиз. Мен Салтанаттын атасы менен сүйлөшүп, ал Россиядан Токтогулга Залкарга турмушка чыгыш үчун келген", - дейт Имеркулова.

Назира Имеркулова кайниси менен жыныстык катнашта болгон деген ушактарга бөтөнчө нааразы экенин айтты.

Ортосундагы мамиле жөнүндө ушак кайдан чыкты?

"Күйөөм каза болуп калды. Кошуналар менин жашоомду аңдып турушат, айыл жергесинде бул кадыресе эле көрүнүш. Үйгө кирип келген эркектин барын эле менин жаңы күйөөм же ойношум кыла беришет. Бирок чынында андй эмес. Ошол ушак сөздөрдүн айынан менден 11 жаш кичүү кайним менен мамилеси бар деген имиштер айтыла баштады. Мен өзүм аны тарбиялагам. 1-классынан баштап мектепке жетелеп баргам", - деп Имеркулова баса белгиледи.

Анын айтымында ушак сөздөн тажап, Россияга эки жылга да кеткен. Бирок сөз тыйылган жок.

Мен жокто деле уруш-талаш бар болчу

"Мен билгенден Салтанат менен Залкар көп эле урушушчу. Мен Россияда жүргөндө деле. Салтанат кичине чыр чыкса эле үйдөн кетип калчу. Ал Залкарды башкарууга аракет кылган. Залкар урушса эле мага телефон чалып, аялына даттана берчү", - деп Назира айтып берди.

Бир жолу ачуусу менен чындап эле Салтанатка билдирүү жөнөткөн экен. Эгер ар дайым эле ушинтип үйдөн кете берсе, албетте Залкар өзүнө бшкасын таап алат, деп. Анын айтымында аял киши мындай болбош керек.

"Так ошол 2018-жылы жазылган билдирүү азыр кылмыш ишине өлүмгө жеткирүү катары тиркелген. Бакыт Назаралиев аны бардыгына көрсөтүп жатат. Салтанат экөөбүздүн башында мамилебиз аябай жылуу болчу. Анткени мен аны өзүм биздин үйгө алып келбедимби. Бирок кийин ал мага каяша айта баштады. Мени баласынтып, ошонун айынан уруша баштаганбыз", - деп Назира Имеркулова айтып берди.

Назиранын айтымында, Салтанат эч качан аны Залкар менен жаткан жеринен кармаган эмес.

"Бир жолу түндө үйгө келиптир, ага чейин мен тойго барып келгем. Үйдө кайын энем анан чоңоюп калган балдарым калган. Үйгө келип эле жаткам. Түндө эшикти бирөө какканынан туруп барсам Салтанат туруптур. Ал Залкарды чакыр, деди. Бирок мен анын биздин үйдө экенин билген да эмесмин. Балдар Залкарды чакырганы кетип, мен өз бөлмөмө кирип кеткем", - деп Имеркулова айтты.

Баламды сабашты

Ошондой эле Назиранын айтып бергендерине караганда Салтанаттын туугандры бир нече жолу анын үйүнө келип, 23 жаштагы уулун сабап кетишкен. Бирок ал бардыгын кечирген.

"Мындан ары унчукпай тура албайм. Алар мени бүт элге жаманатты кылып жатышат. Өзүм жөнүндө мындй сөздөрду окуган мен үчүн оор. Анткени бардыгы калп. Мени күндө милицияга чакыртышат", - деп Назира Имеркулова сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4677