Call-борбор: мэриянын жанында эки жумадан бери таштандылар жатат. Мэрия жооп берди
RU

Call-борбор: мэриянын жанында эки жумадан бери таштандылар жатат. Мэрия жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окурман 12-декабрда Kaktus.media редакциясына Карасаев (мурдагы Дружба) менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде таштандылар арыкта төгүлүп жатканын билдирген. Бул Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын имаратынын жанында.

Окурмандын айтымында, таштандылар эки жумадан бери жатат. Муниципалдык мекеменин кызматкерлери буга көңүл бурушкан эмес.

Бүгүн, 13-декабрда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, санитардык-экологиялык инспекциянын маалыматына ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аталган даректеги таштандыларды чыгарышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4746