Ka4eli Fest концертинен кийин очойгон таштанды калган. Видео
RU

Ka4eli Fest концертинен кийин очойгон таштанды калган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ka4eli Fest фестивалынын көрүүчүлөрү өзүнөн кийин очойгон таштанды калтырып кетишкен. Концерт бүтүп, элдер үйлөрүнө тарай баштаган, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун ичи желим бөтөлкө жана баштыктарга жык-жыйма болуп калган.

Кийин көрөрмандардын бири, жыйналган таштандыларга уюштуруучулар күнөөлүү деп биллдирди.

"Көрүүчүлөрдү саат 14:00до эле киргизе башташы керек болчу. Бирок саат 16:00до гана эшик ачылган. Кире бериште элдин суусундуктарын тартып алышкан (видеодо көрүнүп турат, бөтөлкөлөрдүн жарымы ачылган да эмес). Бөтөлкөлөрүн алып койгону менен аны ыргыта турган контейнер жок болчу. Айла жок, жөн эле жерге калтырдык. Демек таштандыны көрүүчүлөр калтырган жок, уюштуруучулар эске алышкан эмес", - деп көрөрман жазды.

Эске салсак, 10-октябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Miyagi & Andy Panda, Truwer, The LIMBA, Тамби & Рустам ж.б. катышуусунда музыкалык фестиваль өтмөк. Бирок, аба-ырайына байланыштуу концерт 11-октябрга жылган. Концерт саат 15:00до башталмак. Киши көп келгендиктен көпчүлүк көрөрмандар иш чарага 2-3 сааттан кийин гана кире алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3869