"Шамбала" тасмасындагы 10 жаштагы кыргызстандык актёр Америкалык журналда бааланды
RU

"Шамбала" тасмасындагы 10 жаштагы кыргызстандык актёр Америкалык журналда бааланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык белгилүү The Wrap журналы кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган Артур Аманалиев тууралуу жазып чыкты.

Режиссердун айтымында, ал кастингдин көптөгөн катышуучуларынын ичинен ошол кезде 7 жаштагы Артурду тандап алган. Анткени анда башкы ролго керектүү "ички кайгы" бар болчу.

The Wrap журналынын башкы редактору Стив Пондс 10 жаштагы актёр менен сүйлөштү. Ал Артурдан тасмадагы ролдорунун эң кыйын жери кайсы экенин сураган. Ал эч ойлонбостон, эң кыйыны – ыйлап, анан суу муз болгонуна карабай дарыяда сүзүү деп жооп берди.

Артур ошондой эле эң кызыктуусу токой аралап чуркоо болгонун айтты (режиссердун айтымында, бала тырышчаак).

Артур Аманалиев 10 жашында чет өлкөгө биринчи жолу "Шамбала" тасмасын көрсөтүүгө барган. Ал Лос-Анжелесте убакыт өткөрүүгө үлгүрүп, алтургай Marvel студиясынын кастинг-директоруна ("Жөргөмүш-адам" Артурдун сүйүктүү тасмасы) сүрөткө түшүүгө жетишкен. Баарынан да бала океандын жылуу сууларында сүзгөндү жакшы көрчү - бул мекениндеги тоо дарыясындай эмес.

"Эми эмне кыласың?" деген суроого. Артур: "Мен бошмун. Бул тууралуу ойлонуш керек. Балким, англис тилин үйрөнөм" деп жооп берди.

Эске салсак, аталган кинотасма расмий түрдө "Мыкты чет элдик тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмесине кирген. Тасма "Алтын глобус" сыйлыгына да көрсөтүлгөн.

2020-жылы тасма "КМШ, Балтика жана Грузиянын мыкты тасмасы" номинациясында Орусиянын Ника сыйлыгын алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4760