Кыргыздардын "Шамбала" тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмесине кирди
RU

Кыргыздардын "Шамбала" тасмасы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмесине кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" көркөм тасмасы Америка киноакадемиясынын (AMPAS) "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин болжолдуу тизмесине кирди.

"Кыргызфильмден" билдиришкендей, аталган тасма "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын тизмесине кирген. Кыска тизмеге кирүүчү тасмаларды тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып, 15-декабрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасмада чоң апасынын колунда чоңойгон, бийик тоолуу аймакта тарбияланган режиссёрдун балалыгы баяндалат. Кичинекей Орозбек күн сайын мектепке жетүү үчүн алыскы жолду басып, дарыяны кечип өтүүгө аргасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4698