"Мен сага тартпа деп айтып жатам". Ташиев активистке видеого татууга тыюу салды
RU

"Мен сага тартпа деп айтып жатам". Ташиев активистке видеого татууга тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жарандык активист Адилет Балтабайга аны камерага тартууга тыюу салды. Бул видеонун фрагментин активист өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Видеодон белгилүү болгондой, бүгүн камактагы Бактыбек Жетигеновдун тарапташтары УКМКнын имаратынын жанына чогулуп, УКМКнын төрагасы менен жолугушууну талап кылышкан. Камчыбек Ташиев алардын алдына чыккан. Активист аны видеого тартып жатканда, УКМКнын башчысы ага камераңды ал деп каршылык көрсөткөн.

"Өчүр! Телефонду коесузбу же койбойсузбу? Кой деп жатам", - деген Ташиев.

Ташиевди коштоп жүргөн адам активисттин жанына келип, телефонду түшүрүүгө мажбурлаган. Активист видеого тартууну улантып, бирок Ташиев видеого түшпөй калган.

Активисттин айтымында, Ташиев чогулгандарга жеке пиар менен алектенгендерди укпагыла деп айткан.

Видеодо ал УКМКнын жетекчисине кайрылган.

"Биз эркин өлкөдө жашайбыз, колумда курал жок, мен сизге түз эфир аркылуу кайрылам, мен чындык үчүн жашайм, пиар эмесмин. Мен Кудайдан гана корком. Мен бул жерге чындык, акыйкаттык издеп келдим", - деп улантты активист.

Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында Камчыбек Ташиев Куршаб айылынын тургундары менен жолугуп, Өзбекстанга жерлерди өткөрүп берүү маселесин талкуулаган. Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөндүн жашоочулары жерди өткөрүп берүү боюнча нааразычылык митингдерине чыгышкан. Жолугушуунун башында элдин маанайы агрессивдүү болуп, Ташиевге каршы билдирүүлөр ачык айтылып жатты. Эл алдына чыгып, сүйлөгөндө, анын ата-энесине акаарат келтиргендердин тилин жулуп алам, деп коркуткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4883