Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү кармалган
RU

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү кармалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун ИИБнын МККнын, Сузак РИИБнин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Сузак районунда өлтүрүлгөн Сумая атту кыздын өлүмүнүн бетин ачышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 18-ноябрда милиция кызматкерлерине Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган С.У. кайрылып, кызынын жоголгондугун билдирген. Маалым болгондой, 2012-жылы туулган кыз ошол күнү саат 12:40тар чамасында мектепке кеткен боюнча жоголуп кеткен.

27-ноябрда Сузак районунун Арал айылына жакын жерде Көк-Арт дарыясынын жээгинен тогуз жаштагы кыздын кийими жок жансыз денеси табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызды уурдоого жана өлтүрүүгө шектүү адам аныкталган. Милиция кызматкерлери Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. атту кишини кармашкан. Маалыматка караганда, ал облустагы айылдардын биринде жалгыз жашаган. 10 жыл мурун аялы менен ажырашып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 18-ноябрь күнү ал адам Сумаяны көрүп, үйүнө алдап киргизип, бир нече күн жер төлөдө кармаган. Кызды шылдыңдап, скотч менен байлап, суукта кармаган фактылар бар. Кыз бир нече күндөн кийин каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү өлүктү түн ичинде алып чыгып, дарыянын жээгине ыргытып жиберген. Ал кийим-кече жана окуу куралдарын өрттөп жиберген.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4893