Бул жолу такыр окшошпойт. Путин президент Токаевдин атын дагы туура эмес атады. Видео
RU

Бул жолу такыр окшошпойт. Путин президент Токаевдин атын дагы туура эмес атады. Видео

Все самое интересное в Telegram

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Токаевдин ысымын айтууда кайрадан ката кетирди. Бул Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен болгон жолугушууда болду.

Ошентип, Россиянын башчысы Касым-Жомарт Токаевди Ксам-Жами деп атап алды. Ал эми Токаевдин атасынын атын туура айткан- Кемелевич.

Эске салсак, 10-январда Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун саммитинин онлайн жыйынында Казакстандын президентинин атын унутуп, Кемел Жомартович деп атап алган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/5169