Путин Казакстандын президенти Токаевдин атын унутуп калып башкача атап алды
RU

Путин Казакстандын президенти Токаевдин атын унутуп калып башкача атап алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун саммитинин онлайн жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атын унутуп, аны "Кемел Жоомартович" деп атады.

"Казакстандагы кырдаалга келсек, Казакстандын президенти Кемел Жоомартович Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрүнө жардам сурап кайрылганын баары билет", - деди орус президенти. Токаев эч нерсени байкабагандай түр көрсөттү.

Белгилей кетсек, Казакстандын президентинин аты Касым-Жомарт Кемелевич Токаев.

Казак басылмалары декабрь айындагы жылдык маалымат жыйынында Путин Казакстандын мурдагы жана азыркы жетекчилери тууралуу айтып жатып, Назарбаевдин толук аты-жөнүн эске салганын, ал эми 2019-жылдан бери өлкөнү жетектеп келген Токаев жөн гана "жаңы президент" деп атаганын эске салышты.

Путин 2020-жылы Сооронбай Жээнбековдун аты-жөнүн да чаташтырып алган. Россия Федерациясынын президенти Кыргызстандын президентин Шариман Шарипович деп атаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5105