Токмоктогу балык эбак эле чирий баштаган, себебин эми гана аныкташты
RU

Токмоктогу балык эбак эле чирий баштаган, себебин эми гана аныкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Токмок шаарындагы балыктын ооруп баштагандыгы тууралуу алгачкы маалымат 2021-жылдын 29-декабрында эле чыга баштаган. Бул тууралуу пресс-конференция учурунда Абай Букушов айткан болчу.

Ал фермерлерден телефон чалуулар келип жатканын, алар сипмтомдорду изилдеп чыгып - "пресноводный амебиаз" (бир клеткалуу организмдер балыктын бакалооруна жайгашып, митечилик кылат) болушу мүмкүн, деген жыйынтыкка келишкенин маалымдаган.

"Бакалоору аркылуу дем алган балыктарга кычкылтек жетишсиз болуп, ал жөн гана тумчугуп калып жаткан. Биз дароо балыкты дарылап, жасаган аракетибиз 3-4 күндөн кийин эле натыйжа бере баштады. Бирок сегиз балык чарбасы аябай жабыркады", - деп ал билдирди.

Балык чарбасынын директору Эдиль Ниязов, 29-декабрда көйгөй тууралуу билгенин, бирок лаборатордук изилдөө жүргүзүүгө мүмкүн болбогонун кошумчалады. Себеби алдыда узак жаңы жылдык эс алуу болчу.

"Биз кандай болгон күндө да материалды (сууну) лабораторияга тапшырып турушубуз керек. 10-январда гана комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге келген. Буга чейин профилактикалык чараларды ассоциациялар өздөрү жүргүзүп жатышты. Расмий корутунду 12-январда гана чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча суудагы жана балыктагы нитраттардын, мышьяктын концентрациясы тиешелүу нормага ылайык деп чыккан.

Анализ жасоо үчүн суу ар кайсы жерден алынып, 14- жана 17-январда кайталап, башка чарбалардан да алынган. Мониторинг жүрүп жатты. Суунун курамында нормага дал келишпестиктер аныкталган", - деп Балык чарбасынын директору билдирди.

Ниязовдун айтымында, дал ушул балык базарларга жеткирилип, соода түйүндөрдөн сатылды, деген маалымат түшкөн эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5304