Токмокто массалык түрдө балыктар кырылууда
RU

Токмокто массалык түрдө балыктар кырылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында күндө массалык түрдө балыктар кырылууда. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, мындай көрүнүш ушул жылдын 10-январында башталган. Балык чарбасын иштеткендер балыктын бардыгын таштоого аргасыз.

"Жөн туруп эле өлүп калып жатышат. Сууга инфекция киргенби, же эмне болгон билбейбиз. Так маалыматты эч ким бере элек", - деп айтып беришти.

Жергиликтүү чарба ээлери менен жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да келип кеткен.

Азырынча, жарандардан базардан дагы, балык фермалардан дагы балык сатып албагыла деп суранып жатышат.

Айыл чарба министрлиги Ысык-Ата жана Чүй району боюнча тирүү балыкты сатуу, экспорттоо жана транспортировкалоого убактылуу тыюу салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5251