Агасы 9 жаштагы жээнин зордуктаган деп шектелүүдө
RU

Агасы 9 жаштагы жээнин зордуктаган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин жанындагы айылдардын биринде эркек киши жашы жете элек жээнин зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 19-январда Аламүдүн районунун милиция кызматкерлерине Арашан айылында бир киши өспүрүмгө сексуалдык мүнөздөгү адепсиз аракеттерди жасагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милицияга жабырлануучу 2011-жылы туулган Т.Д. атту кыз, таята-таенеси менен жашаганын билдирген. Ал 2021-жылдын 10-январында ден соолугуна байланыштуу Чүй облустук ооруканасына жаткырылып, айыгып чыккандан кийин социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.

"Болжол менен эки жыл мурун агасы Арашан айылынын талаасында сексуалдык зомбулук көрсөтүп, эч кимге айтпа деп коркуткан. Мындай көрүнүштү ал бир нече жолу кайталоого аракет кылган", - деп РИИБ кыздын сөзүнө таянып билдирди.

Кылмышка шектүү катары кыздын 1987-жылы туулган агасы А.А. кармалган. Сурак учурунда ал жашы жете элек кыз менен болгон адепсиз жоруктарын мойнуна алган эмес. Андан сырткары кыз менен чогуу жашагандардын баары суракка алынган, бирок алар да анын айткандарын четке кагышат.

Бул ишке соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5379