Кекиртеги кесилген кыргызстандык кыз Стамбулдан табылган. Шектелүүчүну кое беришти
RU

Кекиртеги кесилген кыргызстандык кыз Стамбулдан табылган. Шектелүүчүну кое беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-жаштагы Перизат Стамбулдагы отелдердин биринде мууздалган тейден табылган, бирок аны сактап калышты. Бул тууралуу hurriyet.com.tr. басылмасы жазды.

Берилген маалыматка ылайык, кыргызстандык келин бул ишти жигити Кадир Т. жасаганын айткан. Экөө үч айдан бери тааныш. Кадир баш кошуп алууну сунуштап, анын паспортун тартып алган. Экөо ушунун айынан көп жолу урушканын да кошумчалаган.

Мейманканага келгенде, экөо уруша кетишет. Перизат сууга түшүп жатканда, Кидр келип, аны башка чаап, сынган бөтөлко менен тамагын кесип салган.

Окуя 17-январда, болжол менен саат 01:45те болгон. Перизатка отелдин кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен.

40 жаштагы Кадир камакка алынган. Ал берген көрсөтмөлөрүндө Перизат мас абалында өз жанын кыюуга аракет кылган, деп айтыптыр.

Этият болгула! Фотосүрөттөр.
Жабуу

"Мен аны ваннадан чыгарууга аракет кылгам. Ал башы менен тамга урунуп, пивонун бөтолкөсүн сындырып, өзүн-өзу кескилей баштаган", - деп милицияга айтып берген. Андан тышкары сүйлөшкөн кызына арызданып, аны жаманатты кылып жатат, деп арыз жазган.

Кийин ал кое берилип, сыртка чыкпоо катынын негизинде бошотулганы белгилүу болду. Ага Перизатка жакын басып барууга тыюу салынган.

Азыркы тапта мекендеш Стамбулдагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Тергөө иштери уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5372