Нью-Йоркто "Мисс АКШ 2019" сынагынын жеңүчүсүнүн сөөгү табылды. Ал кат калтырган
RU

Нью-Йоркто "Мисс АКШ 2019" сынагынын жеңүчүсүнүн сөөгү табылды. Ал кат калтырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нью-Йорк шаарында "АКШ сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Чесли Кристин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости New York Post басылмасына таянуу менен билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, 30 жаштагы сынактын жеңүүчүсүнүн сөөгү жекшемби күнү эртең менен 60 кабаттуу асман тиреген имараттан табылган. Крист имараттын тогузунчу кабатында жашаган, бирок аны акыркы жолу 29-кабаттан көрүшкөн.

Өлөөр алдында Крист баарын апасына калтыргысы келгенин билдирген жазуу калтырган.

"Биздин сүйүктүү Чеслинин дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабарлайбыз. Ал өзүнүн сулуулугу жана күчү менен дүйнө жүзү боюнча башкаларга жаркыраган жарык чачты. Ал жаркылдап, сүйүп, күлүп турду", - деп билдирген Кристин үй-бүлөсү басылмага.

Өлөрүнө аз калганда Крист Инстаграмга өзүнүн сүрөтүн жайгаштырып, "Бул күн сизге тынчтык алып келсин" деген жазуу менен пост жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5392