Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан "Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышат. Сүрөттөрү
RU

Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан "Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышат. Сүрөттөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Супермодель Кыргызстан - 2021" улуттук наамынын ээси, 21 жаштагы Саадат Асылбекова "Дүйнөнүн топ модели" сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу "Мисс Кыргызстан" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан 14-мартына чейин Хургадада (Египет) Top Model of the World сынагы өтөт.

11-мартта өтө турган сынактын финалына чейин Саадат көптөгөн иш-чараларга катышып, сүрөт тартууга милдеттендирилет. Улуттук кийимдер сынагынын алкагында ал 19-кылымдагы кыргыз сулууларынын кийимдеринин негизинде жасалган стилдештирилген улуттук кийимди тартуулайт. Андан сырткары сынакта катышуучулар купальник жана кечки көйнөк менен чыгышы керек.

Top Model of the World 1993-жылы негизделген жана дүйнөдөгү эң ири жана эң абройлуу эл аралык моделдик сынактардын бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5219