Расмий түрдө. Садыр Жапаров мурдагы адвокатын Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөттү
RU

Расмий түрдө. Садыр Жапаров мурдагы адвокатын Жогорку Соттун төрагалыгына көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палата – Карыбек Дүйшеевдин отставкага кетүүсүнө добуш беришти.

Тыныгуу учурунда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитети Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалыгына талапкерлерди карады.

Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдиргендей, Садыр Жапаров Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин, Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Талкууда комитеттин мүчөлөрү талапкерлерди жактырышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5413