Жогорку Соттун төрагасы ким боло алаары белгилүү болду
RU

Жогорку Соттун төрагасы ким боло алаары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык түйүндөрдө Нургүл Бакированын ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстандын Жогорку сотуна төрага болушу мүмкүн деген маалымат пайда болду.

Чындыгында азыркы Конституцияда мындай норма бар:

Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан 5 жылга дайындалат.

Мамытов Жогорку Соттун судьясы болбогондуктан анын төрагалыгына дайындала албайт.

Ал ортодо редакция Жогорку соттун судьясы Базарбеков Замирбек Курамайович Жогорку Соттун төрагалыгына келиши мүмкүн экенин билди.

Жогорку соттун сайтында жарыяланган маалыматка караганда, ал 1957-жылы 14-декабрда туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистигин аяктаган.

  • 1990-1993-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук прокуратурасынын тергөөчүсү; Ысык-Көл областтык прокуратурасынын ага тергөөчүсү.
  • 1993-1995-жылдары - мамлекеттик аппараттын референти.
  • 1995-1997-жылдары - Жогорку соттун жарандардын даттануулары жана каттары бөлүмүнүн улук консультанты.
  • 1997-2005-жылдары - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы; Каракол шаардык сотунун Ак-Суу райондук сотунун төрагасынын орун басары.
  • 2005-2006-жылдары - Ысык-Көл облустук адвокаттар коллегиясында адвокат.
  • 2006-2016-жылдары - Балыкчы шаардык сотунун судьясы, төрагасы.
  • 2011-2014-жылдары - Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү, төрагасы.
  • 2016-2020-жылдары - Чүй адвокаттар коллегиясынын юристи.
  • 2020-жылдын 27-ноябрынан 16-декабрына чейин - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрагасы.
  • 2020-жылдын 16-декабрынан 2021-жылдын 2-июнуна чейин - Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы.
  • 2021-жылдын 2-июнунан тартып - Жогорку соттун судьясы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5398