Айбек Токоевдин иши токтотулду. Ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген
RU

Айбек Токоевдин иши токтотулду. Ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши токтотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Алардын айтымында, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жаткан Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын мурдагы башчысы Айбек Токоевге карата козголгон кылмыш иши мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө байланыштуу токтотулган.

УКМК келтирилген чыгымдын көлөмүн жана иш качан кыскартылганын айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, Kaktus.media эки айга жакын убакыттан бери Айбек Токоевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын билүүгө аракет кылып жатат.

Эске салсак, Kaktus.media, Fastcheck.kg жана журналист Ыдырыс Исаков Айбек Токоевдин өмүр баянын жана эмнеге ээлик кыларын кененирээк изилдөөнү чечишкен. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоеванын тууганы экени жарыялангандан кийин белгилүү болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлкүнүн жана каржылык активдеринин жалпы баасы 4 миллион доллардан ашык, бул анын мыйзамдуу кирешесине дал келбейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5416