УКМК Айбек Токоевди камакка алып, мүлкүн баалады
RU

УКМК Айбек Токоевди камакка алып, мүлкүн баалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Токоев мыйзамсыз байыды деп шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын Антикоррупциялык кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, мыйзамсыз баю фактысы боюнча ЭККМКнын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси, финансы полициясынын майору Т.А.Р. камакка алынды.

Буга чейин УКМКнын АККси Айбек Токоевге карата кылмыш ишин козгоду деп маалымат берилген.

УКМКнын малыматы боюнча, жетекчилик кызматта 2014-жылдан бери иштеп, Бишкек жана Ош шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алган. Мүлктүн бардыгы анын жакын туугандарына жазылган.

Андан тышкары, ал 13 кабаттуу үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюуучу станциялардын курулушуна ири суммадагы каражат жумшаган.

Алдын ала берилген баага ылайык, Токоевге тиешелүү кыймылсыз мүлктүн жана активдер $4 млн ашык. Бул мыйзамдуу акча табууга жатпайт.

Кечээ, 18-январда Токоев камакка алынып, УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп, Токоевдин бардык мүлктүк жана финансылык активдерин аныктоого багытталган кошумча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/430