Бишкектик блогер эреже бузган инспекторлордун өздөрүнө протокол түздүрдү. Видео
RU

Бишкектик блогер эреже бузган инспекторлордун өздөрүнө протокол түздүрдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Инспекторлор блогердин артынан кууп келип, документин сураган. Кийин өздөрү "кылтакка" илинип калышкан.

Бишкекте блогер Эртай Искаков кайгуул милиция кызматкерлеринин жол эрежесин бузган учурун видеого тартып, кийин алардын өздөрүнө протокол түздүрткөн.

Видеодон көрүнүп тургандай, Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору жолдо кетип бара жаткан блогерди токтотуп, андан документ көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар "Бахус" аттуу рейд өтүп жатканын белгилеп, айдоочуга рейддин кагазын көрсөтүшкөн. Андан соң анын айдоочулук күбөлүгүн сурап, спирт ичимдигин ичпегенин текшеришкен.

Кийинчерээк айдоочу ошол эле инспекторлордун жол эрежесин бузган учурун видеого тартып алган. Блогер алардын артынан барып, эреже бузганын айткан учурда алар күнөөсүн мойнуна алып, өздөрүнө айып кат жазган.

Булак: Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5447