Кайгуул кызматкерлеринен качып, одоно жол эрежесин бузган мас айдоочу кармалды (видео)
RU

Кайгуул кызматкерлеринен качып, одоно жол эрежесин бузган мас айдоочу кармалды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 29-январында болжол менен саат 01:10 чамасында Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен Honda FIT үлгүсүндөгү авто унаа каттуу ылдамдык менен алдыңкы жарыктарын өчүрүп, жол эрежесин бузган. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кайгуул кызматкерлери авто унааны токтотуу учурунда, айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып жөнөгөн. Каттуу ылдамдык менен жол чырактарга да карабай башкаларга коркунуч келтирип, одоно жол эрежесин бузган.

Бирок кайгуул кызматкерлеринин ыкчам кармоо иш-аракетинин натыйжасында кошумча күч чакырылып, баш ийбеген айдоочу Эркиндик бульвары жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу айдоочу мас абалында экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча айдоочуга 75 000 сом айып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5364