Ысык-Көлдө көпүрөдөн унаа кулап, 27 жаштагы жигит каза болду
RU

Ысык-Көлдө көпүрөдөн унаа кулап, 27 жаштагы жигит каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-февралда, эртең менен Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн кулап кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден куткаруучулар 27 жаштагы С.С.нын сөөгүн унаадан чыгарышкан.

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук No31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5458