Тез жардам менен бараткан педиатр жол кырсыгына кабыл болуп белин сындырып алды
RU

Тез жардам менен бараткан педиатр жол кырсыгына кабыл болуп белин сындырып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн түнү балдар тез жардам кызматынын бригадасы жол кырсыгына кабыл болду. Педиатр катуу жабыркады. Бул маалыматты kaktus.kg редакциясына Экстрендик медициналык жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тастыктады.

"Азыркы тапта балдар тез жардам кызматы тынымы жок иштеп жаткан кез: чакыруулар өтө көп. Таңкы саат 05:20да алар кезектеги чакыруудан кайтып келатышкан. Адамдык фактор ойноду: айдоочу уктап кетиптир. Машине жолдун четине чыгып, бакты сүзгөн. Натыйжасында педиатр белин сындырып алган. Эми ага операция жасалып, титан импланты салынат. Анын баасы $1,5 миң. Фельдешердин мээси чайкалып, денеси көгала. Айдоочу жабыркаган эмес", - деп айтып берди.

Шаяхметовдун айтымында, кечээ ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчилигине кайрылган. "Алар имплант жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүштү. Имплантты бекер жеткирип беребиз дешиптир. Операция эртеңкиге белгиленди. Бирок биз ага карабастан каражат чогултууну чечтик. Операциядан кийин кайра калыбына келүү көп убакытка созулат. Азыркы күндө ал реанимацияда. Травмасы олуттуу эле, бирок, буюрса жакшы болуп кетет", - деди ал.

Машина менен медиктер камсыздандырылган, бирок аны алуу процедурасы өтө узак.

Соцталдык тармакта жабыркаган дарыгерге жардам берүүгө үндөп жатышат.

Каалоочулар төмөнкү эсептерге каражат которо алышат:

Optima bank, картанын номери: 4169585340366128, Юлия Юнусова (жабыркагандын эжеси), +996 554 58 51 85;

"Айыл банк", картанын номери: 9417371852005282, Лариса Тарасова (жабыркагандын апасы).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4790