Жапаров Ош базарда жүргөнүн тартып жаткан журналистти милиция сүйрөп кеткен
RU

Жапаров Ош базарда жүргөнүн тартып жаткан журналистти милиция сүйрөп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Super.kgнин журналисти Жылдыз Жускембаеваны президент Ош базардагы жолугушуусунда милиция кызматкерлери белгисиз тарапка сүйрөп кетишкен. Окуяны журналист Жодар Бузумов тартып алган.

Эске салсак, бүгүн, 8-февралда Садыр Жапаров Бишкектин бир нече базарларын кыдырып чыкты. Мамлекет башчысы Ош базарына барган учурда милиция кызматкерлери Super.kgнин журналистин президенттин жанына жолотпой коюшкан.

Журналист түз эфирде кызды эки кайгуул кызматкери кантип сүйрөп баратканын видеого тартып алган. Жускембаева президентке арызданарын билдирди.

Кийинчерээк мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери кийлигишип, журналист коё берилип, ишин уланткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5509