"Чөнтөгүн тиктирип койгула". Депутат Акылбек Жапаров жана Кумтөр боюнча "элдин оюн" айтты
RU

"Чөнтөгүн тиктирип койгула". Депутат Акылбек Жапаров жана Кумтөр боюнча "элдин оюн" айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мамлекетибиздин тарыхында мурунку президенттердин тушунда такталбаган маалыматтар боюнча "Кумтөрдөн" үч миллиондон беш миллионго чейин пара алынган", - деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев.

Ал белгилегендей, азыр "бийлик алмашып, "Кумтөр" элдин колуна өттү". Анын айтымында Кумтөрдүн ишмердүүлүгү боюнча депутат, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго бир нече жолу кайрылган, бирок ал аны "көзгө албай" койгон.

"Чалдым, СМС жаздым, Кумтөр боюнча маалымат алып, элге жеткириш үчүн консультантым да телефон чалды. Канча алтын казылып, сатылды, бизде канча алтын, Улуттук банкта канчасы бар? Ушул суроолорго маалымат алууну каалаганбыз, бирок жооп болгон жок", - деди Токторбаев.

Депутат ушундан кийин күмөн санап жатканын кошумчалады: балким, элден жана депутаттардан жашыра турган нерсе бар.

"Кыргызстандыктар алтынды коргоойт деп карышкыр менен бөлтүрүккө тапшырган. Эл арасында сөз жүрүп жатат: Акылбек Жапаров иштесин десеңер, чөнтөгүн тиктирип койгула",- дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5535