Алтын куймалар менен түшкөн сүрөт тууралуу Тенгиз Бөлтүрүктүн тууганы: "Бул кара пиар"
RU

Алтын куймалар менен түшкөн сүрөт тууралуу Тенгиз Бөлтүрүктүн тууганы: "Бул кара пиар"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теңиз Бөлтүрүктүн тууганы Данияр Бөлтүрүков маалымат жыйынын өткөрүп, анын алтын куймалар менен сүрөтү качан жана кандай шартта тартылганын айтып берди.

Буга чейин Даниярдын алтын куймалар менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тарап, колдонуучулардын катуу реакциясын жараткан.

"Өткөн жума күндөн бери социалдык тармактарда кандайдыр бир кара пиарлар жүрүп жатат. Жада калса "Кумтөр" Бөлтүрүктүкү деп айтууга да аз калды. Андыктан мен өзүм тууралуу айта кетсем", - деп баштады ал.

Ал өзү Түп районунда төрөлгөнүн, бирок Жети-Өгүз районунда апасы тарапта туугандарынын колунда өскөнүн айткан.

"Мен Тоо-кен университетинде окуп, андан соң макмал кен ишканасында иштегем. Мигрант болуп бир жыл жүрдүм. 2010-жылы "Кумтөрдө" иштей баштадым. Ал жерде "алтын бөлмөсүндө" акыркы продукцияны тазалоочу болуп беш жылдай иштедим. - деди Данияр Бөлтүрүков.

"Сүрөт мындан 9 жыл мурун, 2013-жылдын 27-ноябрында, мен ал жерде иштеп жүргөндө тартылган.Негизи ал жерде сүрөткө түшүүгө болбойт, бирок ошол күнү журналисттер экскурсияга келишкен.Аларга "алтын бөлмөнү" көрсөткөнүбүздө сүрөттү Павел деген журналист тартып алган. Анан Instagramга катталып, аны жоготуп албаш үчүн баракчама сүрөттү жайгаштырып койгом",-деди ал.

Аны жашырып, фотомонтаж деп айтса болмок, бирок мен калп айтпайм.

Сөз ушул сүрөт тууралуу болуп жатат.

Ал киши Тенгиз Бөлтүрүктүн жээни болгондугу тууралуу да сөз кылды.

"Ал менин атамдын иниси.Сүрөттөн улам жээни куймалар менен түшкөн сүрөтүн чыгарат, бирок отчет бербейт деп күнөөлөй башташты. Бирок эмнеге каралап жатканда, куймада көрсөтүлгөн 2013-жыл деген жазууну жана сүрөт 9 жыл мурун тартылганын карашпайт?" – деп сурады Данияр Бөлтүрүков.

Ошондой эле Тенгиз Бөлтүрүктүн жардамчысы аны менен байланышып, сүрөттүн чын-төгүнүн тактаганын белгиледи.

Данияр Бөлтүрүков ага жалаа жапкандарды табууга жардам берүү өтүнүчү менен Башкы прокурорго, УКМКнын жана Ички иштер министрлигине кайрылды.

"Эл туура эмес түшүнүшү мүмкүн, ар бир адам чындыкты билиши керек", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5227