Жаш кыз iPhone 12 Pro Max маркасындагы телефонду алып качып кеткен
RU

Жаш кыз iPhone 12 Pro Max маркасындагы телефонду алып качып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, кыз Бишкектин тургунунан бирөөгө чалып алайын деп телефонун алып турган боюнча изин жашырып кеткен. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 19-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Ч.А кайрылып, анын iPhone 12 Pro Max маркасындагы телефонун Н. аттуу кыз биөогө чалып алуу үчүн сурап, смартфонун кайтарып бербей менен качып кеткендигин билдирген. Окуя таң эрте Горький жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон.

Милиция кызматкерлери "Алдамчылык" беренесинин негизинде иш козгошкон. Кылмышка шектүү - 1999-жылы туулган Н.Н. атту кыз.

Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыр тергөө иштери уланууда.

Милиция кызматкерлери кармалган жарандан дагы башка жабырлануучулар болсо 0502 60 09 00, 0557 29 23 29 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5536