СИЗОдо отурган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Камерадагыларды да көндүрдү
RU

СИЗОдо отурган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Камерадагыларды да көндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гүлзат Мамытбек СИЗО-1ден ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору маалымдады.

Алар берген маалыматка ылайык, Гүлзат Алымкуловадан жана анын менен камерада отурган алты аялдан ачкачылык жарыялагандыгы тууралуу кат келген. Алар №21-ЖАМКтын кызматкерлеринин орой мамилесине жана жалпы эле түрмөдө отуруу шарттарына нааразычылыгын билдиришүүдө.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Мамытбектин катын прокуратура органдарына жиберишкен.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-ноябрында ал каршылык акциясы катары тамак ичүүдөн баш тарткан. Анын президентке жана башка органдарга жазган каттарын кабыл албай жатышат деп арызданган болчу. 23-ноябрда Гүлзат Мамытбек расмий түрдө ачкачылык акциясын токтоткон.

27-октябрда Борбор шаардын сотунун токтому менен Мамытбекти 25-ноябрга чейин СИЗОго камакка алуу чечими чыккан.

Биринчи май ИИБ милициясынын маалыматы боюнча аларга жети жаран кайрылып, Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) кыска мөөнөттө киреше түшөт деген убадаларын берип алардан акча алган. Бирок айтканын аткарбай изин жашырып кеткен. Зыян келтирүүнүн жалпы суммасы $110 миң.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5228