Милиция кызматкерлери аялды бөтөлкө менен зордуктаган деп айыпталган. Бирок, иш жабылды
RU

Милиция кызматкерлери аялды бөтөлкө менен зордуктаган деп айыпталган. Бирок, иш жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Наргиза Раджапова аны милиция кызматкерлери бөтөлкө менен зордуктаганын айтып арызданган. Бирок, иш жабылды. Бул тууралуу адвокаттар билдиришкен.

Адвокаттар ал аял милиционерлердин аракети тууралуу прокуратурага бир нече жолу кайрылганын айтышты. Бул иш кайрадан жабылган. Бирок, бул тууралуу жабырлануучуга маалымат берилген эмес.

"Кыйноо фактысы УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 12-апрелинде жабылып, жактоочулар жана жабырлануучу тарап бул тууралуу кабардар болгон эмес, бул мыйзам бузуу",- дешти коргоочулар.

Башкы прокуратуранын жообунда тергөөчүнүн чечими акыркы жана бул даттанууга жатпайт деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Наргиза Раджапова Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылып, милиция кызматкерлери аны, анын күйөөсү Дамир Шабралиевди, агасы Мурат Раджаповду жана 17 жаштагы уулу Элдиярды кыйнашканын айткан. Укук коргоо кызматкерлери бул адамдарды подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча күнөөлүү деп айыптап мойнуна алышын талап кылышкан. Раджапова ал кезде кош бойлуу болгон. Алар эгиз экени айтылган. Бирок, кыйноодон улам боюнан түшүп калган.

2018-жылдын 28-мартында Башкы прокуратура Ош ШИИБдин кызматкерлерине кыйноо жана мыйзамсыз кармоо фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Бирок кийинчерээк иш кыскартылганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5597