"Бул сарайда болгон". Майып кыз таятасынын зордуктаганын тастыктады
RU

"Бул сарайда болгон". Майып кыз таятасынын зордуктаганын тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ таятасы жээн небересин зордуктаган эмес, деген маалыматты тараткан. Эске салсак, кечээ, майып кыз жакын туугандары тарабынан зордукталып, кордолуп келгендиги тууралуу маалымат чыккан.

"Таятасы тарабынан зордуктоого кабылган эмес, агасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн "ооба" деп жооп берген", - деп ИИМ билдирген.

Телефон сүйлөшүүнүн текст түрүндө жазылышы:

- Алло.

- Эмне кылып атасың?

- Эшикке чыккам, жаңы эле.

- Асел, Аку байкең, таятаң сени зордуктады беле?

- Аку байкем кылган эмес.

- Аку байкең кылган эмеспи?

- Ийи.

- Таятан кылган бирок, э?

- Мм.

- Мен сени эртең же бирсүгүнү, кудай буюрса, алып кетем. Макулбу? Чыдап тур.

- Ийи.

Ведомство берген маалыматка ылайык, Асел, таятасы жана таенеси колдору менен урбагандыгын, бирок спирт ичимдиктерин ичкен учурларда сөздөрдү айтып урушушканын айткан.

"Уруш болгон күнү небереси байкеси менен кете турганын айткан. Ага таенеси ачууланып, аны уруп баштаган. Асел ооруканага жеткирилип, дарыгерлер текшергенде денесинде эч кандай физикалык жаракаттар табылган эмес, зордукталгандыгы тууралуу факт да тастыкталган эмес", - деп ИИМ билдирди.

Белгилей кетсек, байкеси менен карындашынын телефон сүйлөшүүсүндө зордуктоо фактысы качан болгону айтылбайт. Ошондой эле зордуктоо болгонбу же жөн гана сексуалдык асылуу болгонбу, ал да белгисиз. Аны гинеколог да аныктай албайт.

Kaktus.media Аселдин кызыкчылыгын жактаган юрист Шердор Абдыкапаровго кайрылды. Анын айтымында, алар экинчи соттук-медициналык экспертиза жасатышкан. Ага ылайык, Аселдин кыздыгы жок экени аныкталган. Белгилей кетчү жагдай, Асел өз алдынча баса албайт, ал бала кезинен бери таята, таенесинин үйүндө жашайт.

"Биз кечээ түндө, Казарманга Аселди алып кеткени чыкканбыз. Биздин өтүнүчүбүз менен экинчи ирет соттук-медициналык экспертиза жасалды. Биздин пикирибиз боюнча биринчи экспертизанын жыйынтыгы туура эмес. Экинчи экспертиза Аселдин кыздык белгиси жок экенин тастыктады. Ал Казарман РИИБсине таятасына жана таякесине доо-арыз жазды. Азыр Бишкекке келе жатабыз. РИИБ жана социалдык коргоонун кызматкерлеринин жардамы менен Аселди алып кетүүгө уруксат алдык. Ал реабилитацияланып, мындан аркы иликтөө объективдүү жүргүзүлөт", - деди юрист.

Юрист Аселди видеого тартып алды, анда ал таятасы тарабынан зордукталганын тастыктаган.

"Акыркы жолу бул сарайда болгон. Андан бери канча жыл өткөнүн деле билбейм", - деп, Асел видеодо айтат.

Бул материал Тогуз-Торонун РИИБсине "Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук" 75-беренеси боюнча катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/629