"Бир жумадан бери кезек күтөм". Алайдагы элди кыйнаган Калкты тейлөө борбору (видео)
RU

"Бир жумадан бери кезек күтөм". Алайдагы элди кыйнаган Калкты тейлөө борбору (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алай району боюнча бирден гана Калкты тейлөө борбору (паспорт стол), Нотариус жана ЗАГС бар. Аларда бирден эле адам иштейт. Жардамчылары да жок.

Ал эми калкынын саны 110миңди түзөт.

Узун кезектен улам көп көйгөй жаралат. Тургундар бир жума бою ишин бүтүрө албай жүргөнүн айтып арызданышат. Күтүп отурган бөлмөсү да суук

Калкты тейлөө борбору жана ЗАГС бир имаратта, бөлмөсү да тар. Эл толуп батпай калганда эшикте туруп күткөнгө туура келерин айтышты.

Ал арада эл арызданды деп акимчиликтен келип, көйгөйгө түшүндүрмө берип кетти. Ал жакын арада маселе чечилет деп ишендирип, элди ынтымакка чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5622