Күндүн сүрөтү: Медициналык справкага келип, кезек күткөн мигранттар
RU

Күндүн сүрөтү: Медициналык справкага келип, кезек күткөн мигранттар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы мигранттар бир нече күндүк убакытсын медициналык справка алууга коротушат.

Facebook'тун колдонуучусу Нурайым Идирисова узун кезек күткөндөрдүн сүрөтүн жарыялап, медициналык көзөмөлдөн өтө тургандардын тизмесинде 5 680 адам бар экенин билдирди.

Эл таң эрте келип, түн жарымга чейин кезек күтүүгө аргасыз.

Эске салсак, быйылкы жылдан тартып Россиядагы мигранттардын бардыгы үч айда бир медкомиссиядан өтүп турууга милдеттүү. Анын ичинде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн келген жарандар дагы. Медкомиссиядан үч айда бир өтүп туруу зарыл.

Медициналык күбөлөндүрүүгө баңгизатын же психотроптук каражттарды дарыгердин уруксаты жок колдонгондугун же фактысын аныктоо, инфекциялык оорулардын анын катарында ВИЧ-инфекциясынын бар-жоктугун аныктоо кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5614