Кубатбек Кожоналиев кызматынан кетип, ордуна Айбек Жунушалиев кайтып келди
RU

Кубатбек Кожоналиев кызматынан кетип, ордуна Айбек Жунушалиев кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кубатбек Кожоналиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна бул кызматка Бишкектин экс-мэри Айбек Жунушалиев дайындалды. Бул тууралуу 24-февралда президенттин администрациясынын маалымат бөлүму кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Джунушалиев Айбек Джанышбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдирүүдө жазылган.

Эске салсак, мындан мурдараак Айбек Жунушалиев отставкага кетип, анын ордуна Эмилбек Абдыкадырорв Бишкектин мэри болуп дайындалганы бегилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5699