Бишкектин мэри отставкага кетти
RU

Бишкектин мэри отставкага кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев отставкага кетти. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге жеке булактар билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, борбор шаардын мэри болуп Эмил Абдыкадыров дайындалды. Аны муниципалитеттин жамаатына тааныштырышты.

Белгилей кетсек, Абыдкадыров 1958-жылдын 2-июнунда Талас облусунун, Талас районундагы Кара-Ой айылында туулган.

1982-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5697