Бөлөлөрү 4чү класстан бери зордуктап келген. 20 жаштагы жигит өз окуясын айтып берди
RU

Бөлөлөрү 4чү класстан бери зордуктап келген. 20 жаштагы жигит өз окуясын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media өзүн Рустам (аты өзгөртүлдү) деп тааныштырган жабырлануучу менен байланышты. Ал 4чү класстан бери бөлөлөрү зордуктап келишкенин айтып берди.

Рустамдын айтып бергени боюнча, 4чү класста окуп жүргөндө, апасы менен бирге Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна таежесиникине конокко барган.

"Барыбыз көчөдө ойноп жүргөнбүз. Бир кезде таежемдин уулдарынын бири мени үйдүн артындагы огородко ээрчитип барды. Мен ойнойт болушубуз керек деп ойлогом. Бирок ал мени кармалай баштады. Андан кийин шымымды чечип, өзүнүкүн да чечип мени зордуктады.

Мен каршылык көрсөтө алган жокмун, аябай ыйладым. Ал менин оозумду катуу жаап кармап турду. Аны түртүп салууга күчүм жеткен жок. Ишин бүтүргөндөн кийин, эч кимге айтпа, деп коркутуп, кетип калды.

Көз жашымды арчып, малинанын жалбырактары менен тазаланып, үйгө кирдим. Байкем, эч нерсе болбогондой, чай ичип отуруптур", - деп Рустам айтып берди.

Бир нече күндөн кийин апасы менен үйгө кетишкен. Бирок болгон окуя жөнүндө апасына айтып бере алган эмес. Анткени, ага эч ким ишенбейт, урушушат деп ойлогон, корккон. Андан кийин да таежесине бир нече жолу конокко барган. Барган сайын бөлөсү аны зордуктачу, анткени эч кимге айтпай турганына көзү жеткен.

"Жаңы жылдын алдында, апам мени кайра таежемдикине жөнөтмөк болду. Мен тил албай койсом урушмак. Ыйлагым келди, кыйкыргым келди, бирок унчуккан жокмун. Жаңы жыл тоскондон кийин таежем баарыбызга бир төшөк салып берди. Үч бир туугандын экөөсу сыртка чыгып кетишкен, ал эми 1995-жылкы бөлөм бөлмөдө калган. Ал телефондон бир нерселерди көрүп жаткан. Ал дагы мага асылып, үнүмдү чыгарсам, өлтүрүп кое турганын айтып, зордуктап салды. Түнү менен жууркан жамынып алып, ыйлап чыктым, эртең менен үйгө кетип калдым", - деди жабырлануучу.

Рустамдын айтымында бөлөлөрү аны 2011-жылдан 2021-жылга чейин зордуктап келишкен. 2015-жылы ошол айылга көчүп барууга аргасыз болдум. Андан кийин менден бир жаш улуу дагы бир киши мени зордуктап жүрдү.

"Чоңоюп калгандан кийин таежемдикине көп барбай калдым. Акыркы жолу мени 2021-жылдын январь айында зордукташты. Өзүмө-өзүм кол салуу жөнүндө көп ойлончу болдум", - деп билдирди ал.

Кезектеги зордуктоодон кийин Рустам ички иштер органына арызы менен кайрылган. Факт каттоого алынып, экспертизалар дайындалды.

Мен, бул окуя жөнүндө ишенген адамдарыма айтып бердим. Алар өз балдары үчүн аябай кооптонушту. Ошондо гана бөлөлөрүм башка кичинекей балдарды да зордуктап келген болушу мүмкүн, деген ой келди. Анын үстүнө бирөөсүнүн айылда компьютер клубу бар. Ал жерден башка балдар да жабыркашы мүмкүн. Мен башкаларга мындай азапты каалабайм

Качандыр бир мезгилде булардын бардыгын унутсам экен, деп тиленем, деп Рустам сөзүн жыйынтыктады.

Жалал-Абад облусунун ОИИБси чындап эле жакында жергиликтүү жашоочу үч эркекти зордуктады деп айыптап, арыз жазып кеткенин Kaktus.media'га тастыктады.

"Бүгүнкү күндө айыпталуучулардын бири да камакка алынган жок, анткени тергөө иши экспертизанын корутундусун күтүүдө. Жыйынтык чыккандан кийин гана тиешелүу чаралар көрүлөт", - деп ИИБ билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/573