Эки эркек бир нече жыл аталаш бир тууганын зордуктап келишкен
RU

Эки эркек бир нече жыл аталаш бир тууганын зордуктап келишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда эки эркек бир нече жыл аталаш бир тууганын зордуктап келишкен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Жалал-Абад облусунун ОИИБси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 26-январда Жалал-Абад облусунун Чаткал ИИБсине 20 жаштагы жергиликтүү жашоочу кайрылган. Анын айтымында анын эки аталаш тууганы 2011-жылдын жайынан баштап, 2012-жылдын кыш айларына чейин зордукташкан.

Андан тышкары 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин туугандардын дагы бирөөсү аны зордуктап келген. Ошондон улам, милицияга кайрылып зордукчуларга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, "Сексуалдык өңүттөгү зордук-зомбулук иш аракети" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/554