13 жаштагы кош бойлуу өспүрүм кыз көз жарган, бирок баласы чарчап калды
RU

13 жаштагы кош бойлуу өспүрүм кыз көз жарган, бирок баласы чарчап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта өгөй атасынан кош бойлуу болуп калан 13 жашар өспүрүм көз жарды. Бирок наристе дароо чарчап калды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 8-февралга карата Кара-Буура районунун РИИБсине жергиликтүү тургун кайрылып, анын биринчи никеден туулган кызын азыркы жолдошу зордуктап жүргөнүн айткан. 13 жашар кыз 26 жумалык кош бойлуу кезинде ооруканага госпитализацияланган. Бирок өспүрүмдүн толгоосу мөөнөтүнөн эрте келип, ымыркай өлүк төрөлгөн.

Шектелүүчү соттун чечими менен тергөө бүткөнгө чейин камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5746