"Жок дегенде 50 миң керек". Депутаттар тиричилик үчүн канча сом керек экенин айтып беришти
RU

"Жок дегенде 50 миң керек". Депутаттар тиричилик үчүн канча сом керек экенин айтып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Мариповдун пикири боюнча, Кыргызстанда 5 600 сомго бир ай жашоо мүмкүн, бирок аябай оор.

"5 600 сомго жашаса болот, бирок оор болот", - деп ал парламенттин жыйыны учурунда айткан.

Жаңы премьер-министрдин сөзү коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Kaktus.media татыктуу жашоо үчүн бир айга канча сом керектелет, деген суроо менен жөнөкөй жарандарга кайрылды.

Шаардыктардын пикри боюнча, премьер-министрдин айткандары реалдуулуктан өтө алыс.

"Премьер өзү ушул акчага бир ай жашап көрсүнчү", - деп респонденттердин бири сунуштады.

Сурамжылоого катышкандар азык-түлүккө, дары-дармекке, комуналдык төлөмдөрдүн реалдуу баасын эске алганда, 5 600 сом бир нече күнгө эле жетет, деп айтышты. Кыргызстан үчүн бир айлык чыгаша минимум 10 миң сомду түзөт, ал эми комфорттуу жашоо үчүн 30 миң сомго чукул керектелет.

Редакция бул туурасында депутаттардын өзүнөн да сурап көрүүнү чечти. Алар бир ай бою кенен жашоо үчүн канча акча керектеле турганын айтышты.

Ирина Карамушкина:

- Албетте, бул акчага (5 600 сомго) жашап, өзүңдү мамлекет тарабынан корголгон толук кандуу адам сезүүгө мүмкүн эмес. Менин оюм боюнча минималдуу 20-25 миң сом керек.

Зарылбек Рысалиев:

- Мисалы, менин үй-бүлөмдө беш киши. Мен бир жылда канча көйнөк кием, жеңи кыска, жени узун? Канча майка-турсий кием? Канча чапан, шым, баш кийим кием? Анан мен кандай тамак ичем? Ар кимде ар кандай. Мисал үчүн мен таластык болом. Гүлчөтай менен чучукту бир жумада бир жебесем көзүм караңгылап кетет да. Ошондо, эсептеп көрсөңөр бир үй-бүлөгө нормально жашаш үчүн азыркы баада, болжол менен 50 миң керек. Курбуларым бар, алардын туулган күнүндө, уялбай туруп бир букет гүл алып берип койгонго акчам болуш керек, эркекче. Аялыңан катып алгыдай кичине акча болуш керек, да беш-он сом. Ошого бир 50 миң сом туура бы дейм.

Иса Омуркулов:

- Жашоо минимуму болжол менен 5,5 миң сом. Бул адам өлүп калбасын деген минимум акча. Бирок ал акчага жашоо мүмкүн эмес. Бир адамдын чыгашасы 10 миңден кем эмес. 5 600 сом бир жуманын азык-түлүгүнө эле жетсе керек.

Анвар Артыков:

- Бул үй-бүлөнүн көлөмүнөн көз каранды. Бирок менин оюм боюнча, минималдуу, жок дегенде 20 миң сом болуш керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/587