Депутаттардын айлыгын төмөндөтүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөрбөй жатат
RU

Депутаттардын айлыгын төмөндөтүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөрбөй жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дастан Бекешевдин депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын төмөндөтүү боюнча мыйзамын коомдук талкууга өткөрбөй жатышат. Бул тууралуу депутат өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

"Парламентте мыйзам долбоорлорго карата цензура башталды. Эч ким депутатка мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга тыюу сала албайт. Бул Конституцияны бузуу болуп саналат. Биз ушундай мезгилде жашап жатабыз, Конституцияны кармап ант бергени менен ичинен аны жек көрүп, өзгөрткүсү келет. Мен ЖКнын аппарат жетекчисине, анын орун басарларына, депутаттардын, президенттин жана премьер-министрдин айлык акыларын, жашоо минимумуна тендеп коюу тууралуу мыйзам долбоорумду жарыялап койгула, деп бир нече жолу кат жазгам. Бирок аны чыгарбай жатышат. Бул цензура. Мыйзам долбоордун текстин өзүмдүн сайтыма жарыялайм, балким, кимдир бирөө аны элдин демилгеси катары көтөрүп чыгаттыр", - деди Бекешев.

Бул эмне болгон мыйзам?

Кыскача түшүнндүрүп бере турган болсок, мыйзам долбоор сунушайт:

  • депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлык акысын жашоо минимумуна чейин төмөндөтүүнү, эгер республикалык бюджет дефицит менен кабыл алынган болсо;
  • жашоо минимумуна чейин төмөндөтүү айлык акыга гана тиешелүү, депутаттарга 40 миң сом өлчөмүндө төлөнүүчү кошумча төлөмдөр кандай болгон күндө да калат;
  • эгер республикалык бюджет нөлгө барабар болсо же профицит менен кабыл алынса, анда айлык төмөндөбөйт;
  • айлык акынын төмөндөтүлүшү президенттин жана премьер-министрдин материалдык камсыздалуусуна таасирин тийгизбейт. Анткени алар үй-бүлөлөрү менен мамлекеттик резиденцияда жашашат;
  • ошол эле учурда айлыкка кошуп төлөө (надбавка), премиялар, он үчүнчү айлык кошумча эсептелинбейт;
  • мыйзам долбоору кабыл алынса ал 2026-жылдын 1-январына чейин күчүндө болмок.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мыйзам долбоору элдин демилгеси менен кабыл алынышы мүмкүн, эгер аны 10 миң шайлоочу колдосо.

Мыйзам Дастан Бекешевдин сайтында жарыяланган.

Эске салсак, декабрдын башында Дастан Бекешев депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын жашоо минимумуна чейин төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун демилге кылып көтөрүп чыккан. Бирок Жогорку Кеңештин аппараты ал мыйзам долбоорду коомдук талкууга өткөрбөй койду. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорду жөн гана популизм деп айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/550