Россияда Instagram качан блокко салына турганы белгилүү болду
RU

Россияда Instagram качан блокко салына турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын генералдык прокуратурасы Instagram'га чектөө киргизүү талабын Роскомнадзорго жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости аталган ведомствого шилтеме берип билдирди.

ТАСС берген маалыматка ылайык, көзөмөлдөөчү орган Meta'на экстремисттик уюм деп таап, анын да Россияда ишмердүүлүгу жүргүзүүгө тыюу салууга чакырды.

Белгилей кетсек, РФтин прокуратурасынын сайты иштебей турат.

Кийинчерээк, Роскомнадзор Instagram'ды 14-мартта толугу менен блокко сала турганы белгилүү болду.

Meta - бул америкалык трансулуттук холдингдик компания, Калифорния штатындагы Менло-Паркта жайгашкан технологиялык конгломератка ээлик кылат. Бул Facebook, Instagram, WhatsApp жана Oculus'тун энелик уюму болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5941