Эгер мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе эмне болот? (🍑 болот)
RU

Эгер мигранттар Кыргызстанга кайтып келсе эмне болот? (🍑 болот)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Moody's агенттиги Россиянын карыз төлөөчү милдеттери боюнча узак мөөнөттөгү рейтингин Ca деген деңгээлге чейин төмөндөттү. Бул өлкөнүн милдеттенмелери дефолт абалына өтө жакын дегенди түшүндүрөт.

Дефолт - бул белгиленген мөөнөттө акчалай милдеттенмелериңди, карыздарыңды төлөй албай калуу. Финансылык алсыздык.

Бирок негизги карызды жана пайыздарды кайра калыбына келтирүү шансы бар.

Россияда жүз миңдеген кыргызстандыктар иштеп, мекенине акча салып турушат. Ошондон улам, Kaktus.kg эгер Россиядагы кыргыз мигранттардын бардыгы Кыргызстанга кайтып келсе эмне болот, деп ой жүгүрттү.

Эгер Россияда иштеп жүргөн мигранттардын бардыгы Кыргызстанга кайтып келсе эмне болот?

Кыргызстан - экономикасы эмгек мигранттардын акча которууларына таянат. Мындай өлкөлөр саналуу гана.

2021-жылда Россиядагы эмгек мигранттар Кыргызстанга $2,76 млрд которушкан.

Россиядагы мигранттардын акча которуулары Кыргызстандын ИДПсинин 33%ын түзөт.

Украинадагы аскердик аракеттерден улам Россиянын экономикалык абалы начарлады. Айрым кыргызстандык мигранттар мекенине кайтып келүүгө аргасыз болушат.

2021-жылы Россиянын миграциялык кызматы 1 миллион кыргызстандык мигрантты учетко алган.

Башкача айтканда, Кыргызстанга Бишкектин калкынын санына тете эл кайтып келиши мүмкүн.

2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы жумушсуздук 5,8%ды түзгөн. Ишке жарамдуу он миңдеген кыргызстандыктар жумушу жок отурушат.

Калктын төлөө мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөйт. Товар менен кызмат көрсөтүү азаят.

Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө ылайык, акча которуулардын азайышы Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү экономикалык туңгуюкка кептейт.

Анын кесепети төмөнкүлөргө алып келет:

  • жумушсуздуктун өсүшү
  • жакырчылыктын өсүшү
  • ИДПнин төмөндөшү
  • бюджетке түшкөн каражатын азайышы
  • курулуш секторундагы коллапс
  • банкс системасындагы көйгөйлөр
  • адамдын өнүгүүсү басаңдайт
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5928