Асынып алган мугалимдин окуясынын чоо-жайын мектеп директору айтып берди
RU

Асынып алган мугалимдин окуясынын чоо-жайын мектеп директору айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дипломду жеңеси алып бергенин, ал киши дүйнөдөн өтүп кеткенин айткан". Кочкордо асынып алган мугалимдин окуясынын чоо-жайы

Нарын облусунун Кочкор районунда башталгыч класстарга сабак берген мугалим асынып алган. Ал Ак-Чий айылындагы Ак-Чий орто мектебинде 4-класстын класс жетекчиси болгон. Бул туурасында аталган мектептин директору тарабынан белгилүү болду.

Билим берүү мекемесинин директору Зина Абдраеванын айтымында, мугалим аталган мектепте 2010-жылдан бери иштеп келген.

"Мугалим мага 8-март күнү жумуштан кетүү тууралуу арызын жазып алып келиптир. Анда датаны 4-март деп көрсөтүптүр. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук. Мен окуу жылы аяктаганча кетпей иштеп тур десем, "Дипломум жасалма экени билинип калды, канчалык эрте кетсем, ошончолук жакшы. Акчаны төлөй албай калам" деди. Андан үй-бүлөсү менен кеңешип чечим кабыл алганын тактасам, "баары билет, акылдаштык" деп айтты. Менден арыз "1-мартта жазылды деп көрсөтөйүн, кол коюп берсеңиз" деди. Макул болбой, 4-март менен жазылган арызга кол койдум.

Эртеси күнү (9-март) райондук билим берүү бөлүмүнө барып, андан чыгып райондук прокуратурага бардым. Мектептеги мугалимдердин жеке делолору ошол жакта болчу. Мага Ч.Г`ны күтүп жатышканын, кабардар кылып коюумду айтышты. Мен мугалимге чалсам, жолдошу экөө прокуратурага баралы деп даярданып жатышканын айтты. Ошондон кийин сүйлөшкөн жокпуз, эмне болгонун билбейм", - деди Абдраева.

Ошондой эле мектеп директору каза болгон мугалим менен сүйлөшүп отурганда, дилом тууралуу сураганын кошумчалады.

"Мага дипломду жеңеси алып бергенин, бирок ал киши дүйнөдөн өтүп кеткенин айткан", - дейт.

Белгилей кетсек, Кочкор районунда башталгыч класстарга сабак берген мугалим асынып алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал каза болордон мурун прокуратурага сурак берип келгени кабарланган.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн маркум бир жума мурун жумуштан өз арызы менен кеткенин билдиришти.

Кийинчерээк Башкы прокуратура пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө, каза болгон мугалимдин диплому жасалма экени такталганын маалымдады.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5946