Кочкордо мектеп мугалими сурак бергенден кийин асынып алган
RU

Кочкордо мектеп мугалими сурак бергенден кийин асынып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кочкор районунда мектептин мугалими прокуратурага сурак бергенден кийин асынып алган. Бул маалыматты Kaktus.kg редакциясына Нарын облусунун ИИБси тастыктады.

Белгилүү болгондой, 9-мартта Кочкор райондук ИИБге Ак-Чий айылынын сарайында 1968-жылы туулган Ч.Г.нин сөөгү табылды деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аны асынып турган абалда табышкан.

Укук коргоочу органдардагы булактар берген маалыматка ылайык, маркум райондук прокуратурага сурак берген. Аны экинчи ирет чакыртканда, барып кыска сүйлөшкөндөн кийин сыртка, бир-эки мүнөткө чыгып келүүнү суранган. Кабинеттен чыгып, үйүнө кетип калган. Ошол жерден өз жанын кыйган.

Ч.Г. баштапкы калсстардын мугалими болчу. Прокуратура аны диплому боюнча суракка алган. Божомолдоолор боюнча диплому жасалма болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5933