"Өзүм барам десем да күч колдонушту". Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык сотуна алып келинди
RU

"Өзүм барам десем да күч колдонушту". Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык сотуна алып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаардык соту адвокат Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткендиги үчүн беш суткага камакка алуу чечимине карата адвокаттардын арызын карайт.

Токтакунов аны күч менен кармап, РИИБдин имаратына алып келген Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетине нааразы.

"Күч колдонуунун кереги жок болчу. Мен жактоочу менен өзүм барам дегениме карабай, күч менен алып кетишти", - деди Токтакунов.

Бирок, аны камакта кармаган милиция кызматкерлерине эч кандай дооматы жок.

Эске салсак, 24-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн беш суткага камакка алуу чечимин чыгарып, ал майда бейбаштык боюнча айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6143