Нурбек Токтакуновду коркунучтуу кылмышкер сыяктуу алып кетишкенин жактоочусу айтты. Видео
RU

Нурбек Токтакуновду коркунучтуу кылмышкер сыяктуу алып кетишкенин жактоочусу айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта спецназдын кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте эрте менен адвокат Нурбек Токтакуновдун үйүнө келип, аны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун камакка алуу чечимине таянып, беш суткага камакка алышты.

Адвокат Бакыт Автандил уулунун айтымында, Токтакуновду белгисиз себептерден улам кармап кетишкен.

"Ал кандайдыр бир коркунучтуу кылмышкер сыяктуу алып кетишкен. Видеодо көрүнүп тургандай, ага адвокаттары менен байланышууга да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бул окуя тууралуу саат 11:00дөр чамасында билдик", - деди жактоочу.

Ал учурда Биринчи Май сотунун чечими даттанылгандыктан, милиция кызматкерлеринин бул аракетине каршы арыз даярдап жатканын белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 24-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн беш суткага камакка алуу чечимин чыгарып, ал майда бейбаштык боюнча айыпталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6111