Кар, жаан жаап жатат, бирок Токтогул суу сактагычы толбой элеби?
RU

Кар, жаан жаап жатат, бирок Токтогул суу сактагычы толбой элеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,860 млрд кубометрди түзөт.

Суунун кириши секундасына 194 кубометр, ал эми бир суткада орто эсеп менен 238 кубометр секундасына сарпталат.

Былтыркы көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болчу:

жалпы көлөмү - 8,752 млрд кубометр, бир суткада орто эсеп менен 234 кубометр секундасына сарпталган.

Ошол эле учурда, бир жумада Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 50 миллиондон ашык кубометрге төмөндөгөн.

Энергетика тармагындагы аналитик Алтынай Абдыкеримовванын айтымында, азыркы күндө жаап жаткан жаан-чачын Токтогул суу сактагычынын толушуна таасирин тийгизбейт.

"Суусактагыч мындан да оор күндөрдү баштан кечирген. Суунун көлөмү 6 млрд куб деңгээлге чейин түшүп кеткен күндөр болгон. Токтогул суу сактагычы мөңгүлөрдүн ээришинен көз каранды. Ал эми муз май айында гана толук кандуу ээрий баштайт. Ошондо суу сактагычындагы суунун деңгээли көтөрүлөт", - деди ал.

Алтынай Абдыкеримованын айтымында, негизи эле быйылкы жыл мурункулардан өзгөчөлөнүп турат. Алар күткөндөй суу чогулта алышкан жок. Бирок кийинки жылы кырдаалды өзгөртөбүз деп үмүт кылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6157