Шашылыш билдирүү! Эртең Кыргызстанда үшүк жүрөт
RU

Шашылыш билдирүү! Эртең Кыргызстанда үшүк жүрөт

Все самое интересное в Telegram

Мындай аба ырайы бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарга коркунуч алып келиши ыктымал.

30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Билдирмеге ылайык, 30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3 градус, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4 градуска чейин муздап, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарга коркунуч алып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6166