"Таятасы зордуктап, таенеси сабачу". Алтынбек мунжу карындашын куткаргысы келет
RU

"Таятасы зордуктап, таенеси сабачу". Алтынбек мунжу карындашын куткаргысы келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-жашар Алтынбектин айтымында, анын 26-жаштагы карындашын таятасы зордуктачу. Ал милицияга арыз жазып кайрылган. Болгон окуя жөнүндө Алтынбек жана анын мыйзамдүү өкүлү Шердор Абдыкапаров Kaktus.media'га айтып беришти.

"Ата-энебиз биз бала кезде эле өлүп калышкан. Атабыз ичип жүрүп каза болду, апабыз оорудан көз жумду. Атам апам боюнда бар кезде деле сабачу. Карындашымдын майып болуп төрөлгөнү ошондон болсо керек", - деп Алтынбек айтып берди.

Анын буттары иштебейт, өз алдынча баса албайт.

Үч бала таята, таенесинин колунда, Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районун, Казарман айылында чоңоюшкан. Алтынбектин дагы бир карындашы бар, ал турмушка чыгып, күйөөсү менен чет өлкөдө жашайт.

"Тайларыбыз бизге күн көрсөтүшкөн жок. Ур-токмогуна чыдабай, 6-классымда Бишкекке качып кеткем. Курулушта иштеп, азыркыга чейин жанымды багып келем. Мектепти ошо бойдон бүтүргөн жокмун. Аселди дарылатууга акча чогултайын дегем, бирок тапканым аз, өзүмдү-өзүм 6-классыман бери каржылайм", - деп бөлүштү ал.

Карындашымды жакшылап бакса, дарыласа, басып кетет болуш керек, деген үмүтүм бар болчу. Ал мектепке да барган жок да. Окуганды, жазганды билбейт. Бирок акылдуу, бардыгын түшүнөт.

Алтынбек Аселге азык-түлүк жөнөтүп, абалын сурап телефон чалып турчу.

"Телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүбүздү таенебиз көзөмөлдөп турат. Экөөбүздү жөн сүйлөштүрүшпөйт. Ар дайым тыңшап турат. Асел менин суроолорума бир беткей эле жооп берет "ооба" же "жок" деп. Мен берип жиберген тамак-аш деле ага жетпейт экен", - деп Алтынбек кейиди.

Асел баспаганына карабай, үйдөгү бир топ жумуштарды бүтүрөт. Ага малай катары эле мамиле жасашып, ар дайым кордоп турушат.

Социалдык тармактарга тарап кеткен видеону Алтынбек өзү тарткан.

"Эмне үчүн карындашыма болушпай унчукпай видеого тартып жатты, деген суроолор көп болду. Кандай болсо да алар биздин таята, таенебиз, мен аларга кол көтөрө алмак эмесмин. Ал эми видеону карындашымды сабаганын сотко далил катары көрсөтүү үчүн тартып алдым", - деп жооп берди.

Аселди алып кетейин деп келсем, кое бербей коюшту. Анда да аны алып калуу үчүн сабашты. Менимче, таенем, Аселге бериле турган чакан жөлөк пулдан кур калгысы келбейт.

Алтынбек карындашын реабилитациялык борборго жайгаштырып, өзү аны дарылатуу үчүн иштеп акча тапсам деп ойлонот.

"Аселди эч ким урбаса экен, жакшылап тамактанса экен, дегеле, коопсуз жерде болсо экен деп тиленем. Өзүмдүн деле үйүм жок, жаныма ала албайм. Анткени иштеген жеримде жашайм. Бирок өмүр бою иштеп, анын ден соолугуна акча табууга даярмын", - дейт Алтынбек.

Баарынан корккону, карындашы кайрадан ур-токмок жеп, зордук-зомбулуктун курмандыгы болбосо экен.

"Мен ар кимден Аселди таятабыз зордуктады, деп уга баштадым. Карындашыман сурасам, ал тастыктады", - дейт Алтынбек.

Асел зордуктоо фактысын тастыктагандан кийин Алтынбек юрист Шердор Абыдкапаровго кайрылып, милицияга арыз жазган. ОИИБнын кызматкерлери Аселди алып кетип, ооруканага жайгаштырышкан.

"ОИИБнин жетекчисинин орун басары менен байланышканыбызда, милиция кызматкерлерин көргөн Асел, таята менен таенесинин үйүнөн кубануу менен кетип калды, деп айтты. Аны ооруканага жеткиришкен. Биз ошондой эле, Социалдык өнүктурүү министрлигине кайрылып, алар бизге акт беришти. Анын негизинде Аселди алып кете алабыз. Бишкекке алып келип, андан кийин жайгаштыра турган жер издейбиз", - деп юрист Шердор Абдыкапаров комментарий берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/620