Садыр Жапаров: Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың
RU

Садыр Жапаров: Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот", - деп жазды ал.

Булак: supertv.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6392