Нарматова: Президенттин хан сарайын салып, Туркменистандан айырмабыз жок болуп баратат
RU

Нарматова: Президенттин хан сарайын салып, Туркменистандан айырмабыз жок болуп баратат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна Президенттин администрациясынын жаңы имаратын кургандарга 16 гектар жер бериле тургандыгын билдирген. Буга "Бутун Кыргызстан" партиясынын мурдагы мүчөсү Орозайым Нарматова Фейсбуктагы баракчасына комментарий жазды.

"Миллиардарды өз мекенине салган мигранттар талаалап үлүш жер ала албай жүрөт ал эми куруучуларга Президенттин хан сарайын салыш үчүн 16 гектар жер берилет экен. Бул адилеттенби урматтуулар? Резиденциянын тосмосун бийиктетип, Президенттин хан сарайын салып, Туркменистандан айырмабыз жок олтуруп калат экенбиз да эми. Баткен кан какшап турганда, мигранттар өз өлкөсүнө өгөйлөнүп талаада жүргөндө ошолор иштечүү завод, фабрикаларды курса болбойбу?"-деп жазган ал.

Булак: Koompress

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6391